Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Арбын айылында курулуп жаткан 100 орундуу бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, объекттин курулушу 2018-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
"Бүгүнкү күндө бала бакчанын курулуш жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Пайдалануучу аянты 998 чарчы метр", - деп айтылат маалыматта.