Коңшу казакстандык белгилүү оор атлетчи Зульфия Чиншанло допингге каршы эрежени кайталап бузганы үчүн 8 жылга дисквалификацияланды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
30 жаштагы казакстандык спортчу 2022-жылы канынан табылган метандиенонду колдонгону үчүн убактылуу спорттон четтетилген.
Буга чейин казакстандык спортчу допингге каршы эрежелерди бузганы үчүн 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиадада алган алтын медалынан ажыратылган.
Экинчи дисквалификацияга чейин казакстандык спортчу карьерасында биринчи жолу Азия чемпиондугун жеңип алган.
Белгилей кетсек, 30 жаштагы спортчу бул чечимди апелляцияга бере алат.