
Эми мамлекеттик кызматтын жетекчилигине талапкерлер калп детекторунан өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси
Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында билдирди.
Кабарлангандай, калп детекторунан өткөрүүнүн негизги максаты - талапкерлердин коррупциялык азгырыктарга моюн бербестигин аныктоо болуп саналат. Жабдуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматка таза, мекенчил кадрларды тартууга жардам берет.
Мекеме ошондой эле кадр тандоого эки даана мультипсихомер сатып алган. Ал талапкердин компетенттүүлүгүн, инсандыгын, психологиялык сапаттарын баалап, лидерлик потенциалын, IQ деңгээлин аныктай алат.