Оштун Алай районунда дайынсыз болгон 38 жаштагы эркек киши изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган райондун Жаңы-Алай айылынын 38 жаштагы А.И. аттуу тургуну 19-декабрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Бүгүн таң эрте аны издөө иштерине 20 куткаруучу, 1 милиция кызматкери, айыл аймактан 1 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.
Учурда издөө иштери жүрүүдө.