Биз социалдык тармакта

Автоунаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан жарандарга 280 миң сом айып салынды

Кыргызстанда эки күндө автоунаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан 14 айдоочу кармалып, аларга карата 280 миң сом айып салынган. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖКККББнын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери 20-декабрдан 31-декабрга чейин унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алгандарды аныктайт.

"Тонировка" рейдинин жүрүшүндө ошондой эле тиешелүү уруксатсыз кайра жабдуулар колдонулган транспорт каражаттарын башкарган айдоочулар аныкталып, жоопкерчиликке тартылат", - деп айтылат маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан