Кечээ, 16-декабрда КРнын Эрежесиз эр уруш федерациясы 2013-жылдын мыкты спортчуларын аныктады. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи борбордогу ири ресторандардын биринде өттү. Анда федерация тарабынан 2013-жылдын эсебинен жогорку ийгиликтерди багындырган 11 спортчу иргелип, аталган сыйлыкка татышты.
Сыйлыкка Кубанычбек Эгемберди уулу (55 килограмм салмакта рингге чыгат), Рустам Өмүрбеков (60 кг), Канат Келдибеков (65 кг), Нурбек Эрлан уулу (70 кг), Актилек Жумабек уулу (75 кг), Рамазан Никарамазанов (80 кг), Бакыт Бекбоев (85 кг), Хайрулло Кокеев (90 кг), Кылычбек Саркарбаев (95 кг), Нурбек Исмаилов (100 кг) сыяктуу спортчулар татышты. Кыздар арасында жалгыз сыйлык ээси Таңсулуу Муратбекова болду.