Бүгүн, 22-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын чырактары жандырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басарлары, шаар тургундары жана жаштар катышты.
"Иш-чара шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, анда жаңы жылдык ырлар жаңырып, келгендерге жагымдуу маанай тартууланды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, балатынын бийиктиги 28 метрди түздү.