Оштун Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы "Кызыл-Талаа” мектебинин 225 орундуу жаңы имараты колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Мектептин жаңы имаратын тапшыруу салтанатына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, элеттиктер, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Белгилей кетсек, жаңы мектептин курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланды. Анын сметалык наркы 71 миллион сомду түзгөн.