Бүгүн, 24-декабрга караган түнү Сауд Аравиянын Эр-Ряд Токмокто туулган спортчу Дмитрий Бивол эки бокс уюмунун версиясы боюнча Дүйнө чемпиону болду.
Белгилүү болгондой, ал британиялык атаандашы Линдон Артурду жеңип, Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча (WBA) жарым оор салмакта чемпиондук курун коргоп калды. Муну менен спортчу чемпиондук курун 11 жолу сактап калды. Ошондой эле ал Эл аралык бокс уюмунун версиясы (IBO) боюнча жарым оор салмактагы чемпиондук курга да ээ болду.
Дмитрий Бивол менен атаандашы британиялык Линдон Артур титулдук кармашы 12 раундга созулуп, 11-раунда ал атаандашын нокдаунга кетирди.
Интернет желесине тараган видеолорго караганда беттешти Криштиану Роналду менен Конор Макгрегор көрүп олтурганын билүүгө болот.
32 жаштагы спортчу Орусиянын жараны. Профессионалдык рингге 2014-жылы чыгып, ушул кезге чейин 22 беттеш өткөрүп, бардык таймаштарын утуп келе жатат.