Дүйнө жүзүндө акыркы 28 күндүн ичинде коронавирус менен ооругандар өткөн айга салыштырмалуу 52 пайызга көп катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) жума сайын чыгарган маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, 28 күндүн ичинде COVID-19 менен ооруган 850 миң адам катталып, үч миңдейи (өткөн айга салыштырмалуу 8% азайды) көз жумган, 118 адам ооруканага жаткырылды.
Уюм вирус жок боло электигин, адамдар андан дагы эле жабыркап жатканын жана инфекция дем алуу органдарынын ооруларынын бири катары кала бериши мүмкүндүгүн белгилейт.