Кыргыз-Өзбек футболчулары Дубайда беттеш өткөрөт

Бүгүн, 25-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курама командалары Дубайда контролдук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Ага ылайык, беттеш машыгуулар алкагында өтүп, анда оюнчуларды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү чектелбейт.

"Эки команда тең 2023-жылкы Азия Кубогуна даярданып жаткандыктан беттеш түз эфирсиз жана көрүүчүлөр жок жабык форматта орун алат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Азия Кубогу 2023 жаңырган жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда өтөт. Кыргыз курама командасы F тайпасында Оман, Сауд Аравия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.

Алдыда боло турган Азия чемпиондугуна катышуу улуттук кураманын тарыхында экинчи болуп калмакчы. Футболчулардын астында Азия Кубогуна жана 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпиондукка жолдомо алууга күрөштү улантуу үчүн Азиянын 18 мыкты командасынын бири болуу милдети турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан