Бишкекте сойкукана иштетүүгө шектелгендер кармалды

Бишкекте кыздарды сойкулукка үндөөгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-декабрда активист Болот Ибрагимов социалдык тармактагы баракчасына калаадагы Кулиев көчөсүндөгү мейманканалардын биринде кыздар интимдик кызмат көрсөтүп жаткандыгы тууралуу видео жарыялаган.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 21 жаран аныкталып, милицияга алынып келинген. Алардын ичинен кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган К.М., 1988-жылы туулган Т.С., 1964-жылы туулган Б.Г., 1966-жылы туулган С.С. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

"Урматтуу борбор калаанын жарандары жана коноктору, эгерде сиздерде интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген адамдар же жерлер боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, дароо төмөнкү телефондорго 0(701) 700-251 (WhatsApp) жана 24 саат бою иштей турган 102 кыска номуруна чалыңыздар", - деп айтылат билдирүүдө.

ИИМдин Тышкы чалгындоо кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында райондук бөлүмдүн жана ИИМдин башкы башкармалыгынын 10 жооптуу кызматкерлери ички иштер органдарынын дисциплинардык уставынын жана Ички иштер министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Алардын ичинен Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-8 бөлүмүнүн башчысы С.Т. кызматынан бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан