Биз социалдык тармакта

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун биринчи туру башталды

Өлкөдө 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун биринчи туруна каттоо башталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, абитуриенттерди биринчи турга каттоо төмөнкүдөй графикте жүргүзүлөт:

25-27-декабрь – талапкерлерди каттоо;

27-декабрь саат 14:00 – каттоону аяктоо;

28-декабрь саат 9:00гө чейин – кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу;

28-30-декабрь саат 16.00гө чейин – ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу.

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графиги тууралуу толугу менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан