Диего Марадона “Алтын топ” байгесин Месси эмес, Роналду алуусу керектигин билдирди

Легендарлуу аргентиналык футболчу Диего Марадона 2013-жылдын “Алтын топ” байгесин анын мекендеши Лионель Месси эмес, португалиялык Криштиану Роналду алуусу керек экенин билдирди. Бул тууралуу 17-декабрда европалык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Марадонанын пикири боюнча Лионель Месси 2013-жылы жаракаттардын көп катталганынан улам өз оюнун көргөзө алган жок.

Эске салсак, 6-декабрда “Алтын топ” байгесине  негизги 3 талапкердин ысымы аталып, алдынкы үчтүккө добуштардын негизинде франциялык Франк Рибери, португалиялык Криштиану Роналду жана аргентиналык Лионель Мессинин ысымы киргизилген. Сыйлык ээси 2014-жылдын январь айында белгилүү болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
berdishov89
2013-12-17 18:39:08
Роналду алыш керек !
+2
nurel50
2013-12-17 18:44:18
Кимиси алса да барабан
+1
admin_superstan
2013-12-18 12:48:27
neymar.kg, коомдук адепке туура келбеген билдирүүңүз үчүн эскертүү!
-2
KUMU89
2013-12-19 05:53:13
Ronaldo tatyktuugo byiyl. Aiabai kooz oiun korsottu?. Meeneti bar.
+2
slastenka
2013-12-20 01:20:23
Ronaldo alsa tuura bolot ele
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан