Биз социалдык тармакта

ЖАК Арстан Алай каза болду деген маалыматка жооп берди

Интернетте тараган "Арстан Алай абакта каза болду" деген маалымат жалган. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 25-декабрда Жазаларды аткаруу кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Арстан Алай тирүү жана интернетте жалган маалымат таратылган.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Арстан Алай каза болгону тууралуу маалыматтар чыккан.

Арстан Алай каймана аты менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев УКМК тарабынан диндер аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган. Ал 2024-жылдын 15-январына чейин №1 тергөө абагына киргизилген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан