Бишкекте Милициянын жол кайгуул кызматынын кызматкерлери калаа тургундарына шоколад таратты. Мындай видеону аталган кызматтын социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.
Видеодон көргөндөй, жол тескөөчүлөр айдоочуларды токтотуп, белек беришкенин көрүүгө болот. Ошол эле маалда кайгуул кызматкерлери сатуучуларга, күзөтчүлөргө, жөн гана көчөдө кетип бара жаткан жарандардын көңүлүн көтөрүшкөн.