
Өлкөдө 1 883 мектеп интернетке туташтырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы мектептердин бардыгы интернетке кошулган.
Аймактар боюнча:
- Ош облусундагы 532 мектептин 524ү интернетке туташтырылды;
- Жалал-Абад облусундагы 467 мектептин 411и;
- Чүй облусундагы 307 мектептин 243ү;
- Баткен облусундагы 237 мектептин 235и;
- Ысык-Көл облусундагы 191мектептин баары;
- Нарын облусундагы 139 мектептин 117си;
- Талас облусундагы 112 мектептин 101и;
- Ош шаарындагы 57 мектептин 56сы;
Ошондой эле алдыда 164 мектепти интернетке кошуу пландалып жатканы кошумчаланды.