Ош шаардык №25 тергөө абагына тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-декабрда №25 тергөө абагына жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө 17 даана уюлдук телефон жана тыюу салынган башка буюмдар табылган.
"Тыюу салынган буюмдарды эркин алып жүрүү боюнча бул мыйзамсыз иш-аракеттер мекеменин экс-жетекчиси Ж.У.нын макулдугу менен жүргүзүлүп, көрсөтүлгөн коргоо үчүн соттолгондордон системалуу түрдө пара алып турган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган абактын мурдагы жетекчисинин кылмыштуу аракеттери тууралуу кошумча маалыматтар топтолууда. Ошондой эле бул ишке тиешеси бар башка адамдар да изделүүдө.