Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара чырында калып калган жүк ташуучу унааларын алмашты

Кыргызстан менен Тажикстан куралдуу жаңжал учурунда калып калган жүк ташуучу унааларын алмашышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу кечээ болуп, кыргыз тарап коңшу өлкөгө 4 жүк ташуучу унаасын өткөрүп берип, 5 жүк ташуучу унааны өткөрүп алды.

Мындай макулдашуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын жолугушуусунда жетишилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан