Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык студенттер эл аралык олимпиадада 2-орунду багындырды

Ош мамлекеттик университетинин студенттери эл аралык олимпиадада 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, олимпиада студенттердин жана жаш окумуштуулардын “Морфология жана хирургия” II эл аралык форумунун алкагында Орусиянын Новосибирск мамлекеттик медициналык университетинде өткөн. Ага КМШ өлкөлөрүнөн 14 команда катышкан.

ОшМУнун Vit'oss студенттер командасы олимпиаданын жүрүшүндө жаныбарлардын жүрөк-кан тамырына, ичеги-карынына, жыныстык органдарына заманбап ыкмалар менен лапароскоп аппаратынын жардамында операцияларды жасашкан. Аны менен катар жарааттарды жабуунун бир нече ыкмаларын көрсөтүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан