Кыргызстандык балбандар Орусияда өткөн эл аралык турнирде 7 медаль утушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Анатолий Тарасовдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирге Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышып, 7 медалга ээ болушкан.
Ийгилик жараткан спортчулар:
63 килограмм салмакта Сабит Шамшединов - алтын;
130 килограмм салмакта Рустам Садыков - алтын;
55 килограмм салмакта Смадияр Жумакадыров - күмүш;
97 килограмм салмакта Нарту Абдурахманов - күмүш;
67 килограмм салмакта Чолпонбек уулу Сыймык - коло;
67 килограмм салмакта Динмухамед Бегелдиев - коло;
72 килограмм салмакта Сүймөнкул Икрамов - коло.
Турнир 21-декабрдан 23-декабрга чейин Орусиянын Нижний Тагил шаарында өткөн.