Биз социалдык тармакта

Бишкекте Жаңы жыл түнү автобустар жана троллейбустар каттайт

Бишкекте 1-январь түнү жаңы жылдык иш-чаралардан кийин "Ала-Тоо" аянтынан автобус-троллейбустар каттайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-январда саат 00:30дан баштап автобустар "Ала-Тоо" аянтынан төмөнкү каттамдар боюнча жүрөт:

- «Ала-Тоо» аянты – Рухий Мурас конушу;
- «Ала-Тоо» аянты – Көк-Жар конушу;
- “Ала-Тоо” аянты – 12 кичи район;
- “Ала-Тоо” аянты – Чоң-Арык;
- «Ала-Тоо» аянты – Совмин шаарчасы;
- «Ала-Тоо» аянты – Арча Бешик конушу;
- “Ала-Тоо” аянты – Ак-Ордо конушу;
- “Ала-Тоо” аянты – Ала-Тоо конушу;
- “Ала-Тоо” аянты – “Ак-босого” конушу;
- «Ала-Тоо» аянты – Бакай-Ата конушу;
- «Ала-Тоо» аянты – Энесай конушу;
- “Ала-Тоо” аянты – Аламүдүн-1 кичи району.

Мындан тышкары 2024-жылдын 1-январында саат 00:30дан 01:30га чейин Киев көчөсү менен троллейбустар дагы каттамакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан