Биз социалдык тармакта

"Тоолуу райондордо кар жаайт". 27-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 27-декабрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Кыргызгидромет борбору билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8 даража

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7 градус болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2.

Ал эми Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүзү жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан