Жоламан Шаршенбеков желек боюнча билдирүү жасады

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу желек боюнча пикирин жарыялады.

Белгилей кетсек, 21-декабрда балбан Жоламан Шаршенбеков мелдештерге эски желек менен эле чыга берерин айтканын айрым басылмалар жазып чыккан. Анын бул билдирүүсүнө УКМК башчысы Камчыбек Ташиев пикирин жазгандан кийин талкууга алынган.

Эми Жоламан Шаршенбеков ар бир жаран өз оюн айтканга укуктуу экенин жазды.

"Арыбаңыздар! Урматтуу Кыргыз элим! Ар бир жаран өз оюн айтканга укугу бар. Бирок ошол эле учурда кээ бир адамдар менин жеке пикиримди, оюмду бурмалап жаткандыгы өкүнүчтүү.

Мен профессионалдык спорт менен гана алекмин, эч кандай саясий иштерге аралашпайм.
Ар дайым Кыргызстандын туусун дүйнө жүзүнө таанытууга болгон күчүмдү жумшаймын! Кыргызстандын желеги желбирей берсин!", - деп жазды ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан