Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

27-декабрынан 30-декабрына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Алар: Бишкек—Ош унаа жолунун
121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдары.
"Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
УРМАТТУУ АЙДООЧУ! Жол коопсуздук эрежелерин так сактаңыз. Алыскы жолго чыгууда күрөк, дөңгөлөк чынжырын, дары-дармек, ысык суу жана азык алууну унутпаңыз", - деп жазылат билдирүүдө.
Кырсык катталганда же унаа жолдорундагы абалды билүү үчүн 112 номерине байланышыңыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан