Биз социалдык тармакта

Баткенге жаңы мал базар курулду (фото)

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында курулган жаңы муниципалдык мал базардын курулушу бүтүп, 30-декабрда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Баткен шаарынын мэриясы кабарлады.
Базарга 17 миллион сомго жакын акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду. Бул жайда мал алуучулар жана сатуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
"Кирген мал жандыктарына тийиштүү адистер көзөмөл жүргүзүп, санитардык абал көзөмөлгө алынат.
Базар Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагында болот.
Учурда базардын айланасы тосулган, атайын административдик имараты, жарандар басуучу тротуарлар, мал байлоочу жайлары, бастырмалар курулган", - деп билдиришти шаардык мэриядан.
Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан эски мал базар шаардын так ортосунда жайгашып, көчөлөрдө унаа тыгындары орун алып, шаар тургундарына ыңгайсыздыктарды жаратып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жаңы мал базар куруу чечими кабыл алынган. Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 1,5 гектар жер аянты ажыратылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан