
Бишкекте
Ахматбек Сүйүмбаевге арналган дубал сүрөтү тартылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, сүрөт Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан турак жайдын дубалына тартылган.
Кыргыз Республикасынын Баатырына арналган муралдын ачылышына Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов катышкан.
"Бул демилге Ахматбек Сүйүмбаевдин балдарынын жана башка демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашты", - деп айтылат маалыматта.