Ысык-Көл районунун тургуну үйүндө мыйзамсыз курал сактап жүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-ноябрда жергиликтүү тургун үйүндө курал сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшүп, райондук милициянын электрондук журналына катталган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү Чолпон-Ата шаарынын 1960-жылы туулган И.Р. аттуу тургуну экени аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
"Райондук соттун чечими менен үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, 16-калибрдеги кош ооз мылтык, ТОЗ-16 үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана 22 даана 5,6 калибрдеги ок дарылары табылып, соттук-баллистикалык экспертизага жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.