Бүгүн, 27-декабрда Бишкекте нотариустар палатасынын алдында “Нотариалдык мектеп” деп аталган окуу борбордун ачылышы болду. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, аталган окуу борбору Чүй проспектиси 219 дарегинде жайгашкан.
Борбор нотариустардын жана нотариалдык процесстин башка катышуучуларынын кесиптик көндүмдөрүн жана билимдерин өнүктүрүү жана өркүндөтүү үчүн маанилүү аянтча болуп эсептелет.