Улуттук гвардиянын кароолу посттон убактылуу алынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Коргоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, бул чечим борбордук аянттагы Флагштоктун кабинасын реконструкциялоо жана жаңылоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган.
Буга чейин борбор калаанын мэриясы "Ала-Тоо" аянтындагы ардактуу кароолдун кабинасы реконструкцияланарын кабарлаган.