Биз социалдык тармакта

Жаңы жылдык дасторконго канча каражат кетет? Базардагы баалар

Жыл жаңырарына саналуу гана күндөр калды. Азыркы тапта жаңы жылдык камылгалар көрүлүп, көпчүлүк дасторконго деп азык-түлүк алуу үчүн базарларга жана соода түйүндөрүнө баш багышат. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы борбор калаада жайгашкан "Ош базарындагы" азык-түлүк бааларына саресеп салып, канча акча каражат кетерин билип көрдү.

Тизмеге негизги делген гана азык-түлүктүн орточо баасы жазылды. Ал эми баалар 27-декабрга карата алынды.

  • Картошка (1 кг) - 20 сом;
  • Пияз (1 кг) - 25 сом;
  • Сабиз (1 кг) - 25 сом;
  • Бадыраң (1 кг) - 150-180 сом;
  • Помидор (1 кг) - 130-150 сом;
  • Өсүмдүк майы (1 л) - 120 сом;
  • Кумшекер (1 кг) - 75-85сом;
  • Алма (1 кг) - 50-60 сом;
  • Мандарин (1 кг) - 130-150 сом;
  • Анар (1 кг) - 230 сом;
  • Жүзүм (1 кг) - 230 сом;
  • Курма (1 кг) - 120-150 сом;
  • Банан (1 кг) - 220 сом;
  • Ананас (1 кг) - 180 сом;
  • Апельсин (1 кг) - 130-150 сом;
  • Киви - 120 сом;
  • Сарымсак (1 кг) - 200-250 сом;
  • Колбаса (350 г) - 100-150 сом;
  • Жумуртка (1 даана) - 12 сом;
  • Кой эти (1 кг) - 450-480 сом;
  • Жылкы эти (1 кг) - 450 сом;
  • Уй эти (1 кг) - 530-550 сом;
  • Тооктун эти - 300-350 сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан