Токмокто интимдик кызмат көрсөткөн жай аныкталды

Токмок шаарынын аймагында интимдик жайларды уюштурган адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-декабрда Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Жайыл, Чүй райондорунун жана Токмок шаарынын аймагындагы интимдик жайларды аныктоо иштери жүрүп, телефон аркылуу сүйлөшүү жолу менен Токмок шаарында интимдик кызмат көрсөтүүчү жай аныкталган.

Бул иштер Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган кылмыштын негизинде жүргүзүлгөн.

Аныкталган жайдын ээси Т.М. жана интимдик кызмат көрсөткөн С.К., Ж.к.Б. Токмок ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул багытта тиешелүү иш-чаралар уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан