Мамлекетке 3 миллион 362 миң сом зыян келтирди деген шек менен "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш ишин козгоп, "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын директору С.Ж., куруучусу Т.А. жана башкы энергетиги Н.Н. камакка алынды.
"Коргоо министрлигинин жана "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп, Кочкор райондук аскер комиссариатынын эски имаратын демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө аткарылган иштердин наркын жогорулатып көрсөтүшкөн. Анын айынан мамлекетке 3 миллион 362 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген", - деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.