Чүйдө 1993-жылы туулган Турусбек уулу Турганбек изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Чүй ОИИББнен билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-декабрда жакындары милицияга кайрылып, 11-декабрь күнү үйдөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегенин айтышкан.
Бою 170-172 сантиметр чамалуу, акыркы жолу куртка, спорттук шым жана кара түстөгү спорттук бут кийим кийип кеткен.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0312363527, 0312363523 номурларына чалсаңыздар болот.