Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-декабрда милицияга Ж.Ч. аттуу чет өлкөнүн жараны арыз менен кайрылган. Ал чала таанышы ушул эле жылдын 3- ноябрында ишеничине кирип 1 миллион 10 миң сомун юаньга алмаштырып берүүнү убадалап, кайтарып бербестен белгисиз тарапка качып кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.