Каракол шаарында сойкулук үчүн жай уюштурган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Каракол шаардык милициясына көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде интимдик кызмат көрсөтүлүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө батирден мыйзамсыз аракеттерди көрсөткөн ар кандай буюмдар табылган.
Кылмышка шектүү катары 30 жаштагы (аял киши) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.