
Эми унааларга белгилүү бир убакытта атайын тилкеде жүрүүгө уруксат берилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-декабрдан тартып Бишкек шаарында менчигинин түрүнө карабастан автотранспорт ээлерине коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкеде жүрүүгө уруксат берилет.
Атайын сары тилке менен кыш мезгилинде - саат 20:00дөн 8:00гө чейин, калган мезгилде - 21:00дөн 7:00гө чейин жүрүүгө болот.
Мэрия айдоочуларды шаардын жолдорунда коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу максатында жаңы киргизилген убактылуу чектөөлөрдү сактоого чакырат.