Адам уурдоо боюнча 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-декабрда Өзгөн районунда кылмыштуу топ менен алдын ала сүйлөшүп алып, акча талап кылуу максатында адам уурдоо фактысы боюнча 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалган.
Окуя 2020-жылдын декабрь айында болгон. Анда шектүү уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү менен Баткен районунун тургуну Х.А.М.дан 20 000 доллар талап кылышып, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаага салып качышкан. Бул УКМК тарабынан аныкталып, унааны токтууга аракет кылышканда уурулар каршылык көрсөтүшкөн жана шектүү качып кетүүгө үлгүргөн.
Иликтөө иштеринен улам шектүү О.Б.Н.нын кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Учурда бул топтун башка кылмыш иштерин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.