Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы орду толгус жоготууга учурады

Бишкек шаардык кеңешинин жетектөөчү адиси Аскарова Чынаркүл Амурказиевна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Чынаркүл Амурказиевна 55 жашында каза болду. Өмүрүнүн көп бөлүгүн жергиликтүү бийликте иштеген. Эмгек жолу 1993-жылы Биринчи май райондук администрациясынан башталып, андан кийин Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына которулуп, 2010-жылдан ушул күнгө чейин БШКнын аппаратында эмгектенип келген.
"Чынаркүл Амурказиевнанын чоң тажрыйбасынын жана кесипкөйлүгүнүн аркасында шаардын турмушундагы маселелер чечилген. Жаштар анын тажрыйбасын өздөштүрүп, шаардын ар кандай структураларын жетектей башташты. Чынаркуль Амурказиевна үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы ишмердүүлүк анын жашоосунун негизги бөлүгү болгон", - деп жазылат билдирүүдө.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан