Жалал-Абадда терактка даярдык көрүү иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, 25-декабрда Жалал-Абад шаарында “Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан” эл аралык террордук уюмунун жашы жете элек мүчөлөрү 2007-жылы туулган Р.М. жана У.М. кармалган.
Алар Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтындагы башкы балатынын жанына колго жасалган жардыруучу түзүлүштү орнотууну жана Успение Пресвятой Богородицы чиркөөсүнө террордук чабуулду уюштурууну көздөп жатышкан.
Шектүүлөрдү текшерүүдө колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча нускамалар, кат алышуулар жана аталган уюмдун жетекчисине ант берүү видеотасмалары табылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүмүнө (Террордук акт) ылайык кылмыш иши козголуп, №53 жашы жетпегендер үчүн тергөө абагына киргизилген.
Учурда алардын өлкө аймагындагы кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.