Ошто муниципалдык күрөш залы курула баштады

Ош шаарында муниципалдык күрөш залынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, күрөш залы шаардагы Сай-Бою көчөсүндө салынууда. Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов курулуштун жүрүшү менен таанышып, аны белгиленген убагында бүтүрүү тапшырмасын берген.
Күрөш залынын жалпы аянты 588 чарчы метр. Анда спортчулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, жуунуучу, кийим алмаштыруучу жайлар, машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр болору кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан