Биз социалдык тармакта

Бишкектин аянты 3 эсеге кеңейтилет

Бишкек 3 эсеге кеңеет, тагыраагы жалпы аянты 37,8 миң гектарды түзөт. Бул туурасында кечээ, 27-декабрда шаардык кеңештин жыйынында мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Жунушалиевдин айтымында, азыркы тапта борбор калаанын аянты 12,9 миң гектар. Бишкекке анын тегерегиндеги 8 айыл өкмөтү, андан сырткары Чүй облусунун төрт айыл өкмөтүнүн айрым айылдары кошулат.

"Биз шаарлардын өнүгүүсүн караштырдык. Алар радиалдык же параллель схема боюнча кеңеет экен. Биз радиалдык ыкмасын ала турган болдук, анткени муну менен жол инфраструктурасын өнүктүрүү ыңгайлуу болууда", - деди калаа башчы.

Бул боюнча жарлыкка жакын арада президент Садыр Жапаров кол коёру маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан