Биз социалдык тармакта

Бишкекте менчик клиникалар жана стоматологиялык кабинеттер текшерилет

Бишкекте жеке менчик клиникалар жана стоматологиялык кабинеттер текшерилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, 2024-жылдын 15-январынан баштап медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензиясы жок жеке медициналык клиникаларды, борборлорду жана стоматологиялык кабинеттерди аныктоо боюнча рейддик текшерүүлөрдү кайра баштоо сунушталды.

Ал эми менчик бала бакчалар жана мектептердин санитардык-эпидемиологиялык ченемдери жана эмдөө карталарынын болушу текшерилет.

Мындан сырткары коомдук тамактануу жайларында санитардык китептердин бар-жогу жана санитардык нормалардын сакталышы боюнча текшерүүлөр мерчемделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан