Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалоо фактысына шектелип кармалды

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалоо кылмышына шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, июль айынын орто ченинде Бостери айылынын 45 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылдын январь айынан бери Бостери айылынын айрым тургундары аны коркутуп, көл жээгинде жайгашкан 0,53 гектар жерин Н.Э. аттуу жаранга өткөрүп берүүсүн талап кылып келишкенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турушканы аныкталып, Бостери айылынын тургундары 36 жаштагы Ө.А., И.Б. жана 37 жаштагы Ж.У. аттуу жарандар кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар тергөөдө күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан