27-30-декабрда өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, тактап айтканда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 86-101-чакырымдарында жана Кызыл-Бел-Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Ошондой эле жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Мындан улам айдоочулар унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылды чектеши зарыл.