Биз социалдык тармакта

Бүгүн Салык кызматынын лотереясынын дагы 234 жеңүүчүсү аныкталат

Бүгүн, 28-декабрда "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын дагы 234 жеңүүчүсү аныкталат.

Салык кызматынан билдиришкендей, бүгүн байгелерин ойнотуунун төртүнчү күнү.

Кабарлангандай, түз эфирдин жүрүшүндө 234 байге ойнотулат: 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана 4 Dyson фени.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы саат: 13.00.

Эскерте кетсек, 25-26 жана 27-декабрда 751 байге ойнотулду. Утуштар 29-декабрга чейин созулуп, күн сайын 234 байгеден ойнотулат.

Элдин лотереяга катышуусу ишкерлердин ККМ колдонуусун көзөмөлдөөчү кадам болуп саналат. Оюн 2022-жылы башталып, биринчи этабы 1-июлга чейин созулган.
Учурда Салык кызматынын лотереясына 400 миңден ашуун кыргызстандык катышууда.

Негизги иш-чара 30-декабрда өткөрүлүп, 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо ойнотулат. Утуштар саат 15:00дө УТРК, Ала-Тоо 24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана Youtube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан