"Мыйзамдагы ууру" аталган маркум Камчы Көлбаевдин атына жамынып, инвестордун акчасын жана мүлкүн тартып алгандар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы Орусиянын жараны Р.Д.А. "Айсео" ЖЧКсынын ээлери, тагыраагы кыргыз жарандары О.Б.А. жана А.К.Т. менен стратегиялык өнөктөштүк келишим түзүп, Ысык-Көлдө коттедждик шаарча курууга 14 миллион доллардан ашык инвестиция салган.
"Бирок Корумду айылына коттедждик шаарча курулгандан кийин О.Б.А. жана А.К.Т. Камчы Көлбаевдин кылмыштуу байланышынан пайдаланып, инвесторду коркутуп мүлкүн, акча каражаттарын ээлеп алышкан жана аны өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбурлашкан", - деп айтылат маалыматта.
"Айсео" ЖЧКсынын ээлери жана башкы бухгалтери А.Н.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.