Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан майыптыгы бар балдарга жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан жана шаардык мэриядан өкүлдөр катышып, балдардын келе жаткан майрамы менен куттуктап, белектерди беришти.
Ал эми стационардык мекемеде тарбияланган балдар тарабынан оюн-зоок, ыр-бий программалары тартууланды.
Белгилей кетсек, аталган мекемеде майыптыгы бар жалпы 116 бала тарбияланат.