Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген 3 кыз аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде социалдык тармактар аркылуу интимдик кызмат көрсөтөбүз деп жарнама кылып, сойкулук менен алектенген кыздар тууралуу ыкчам маалымат алынган.
Бул фактынын негизинде териштирүү иштери башталган. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун 3 тургуну Жалал-Абад шаарында сойкулук менен алектенип жүргөндүгү маалым болгон.
Аталган райондун тургундары 1982-жылы туулган С.А., 1990-жылы туулган Ж.Д. жана 1998-жылы туулган К.Ж. аттуу кыздар кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматына камсыз кылынды.