Биз социалдык тармакта

"Жаан, кар жаайт". Эртеңки күнгө күтүлгөн аба ырайы 

Эртең, 29-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, ал эми тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11 даража,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9 градус болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12ге чейин жылыйт.

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5.

Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3 жылуу, күндүз +8…+10 жылуу болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан